• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Мамытов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Эгемендикке жетишкен 30 жыл аралыгында өлкөбүз көптөгөн сыноолорду, ар кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Бирок элибиздин эркиндикке жана көз карандысыздыкка карай жасалган эрктүү аракети бардык кыйынчылыктарды артта калтырды. Албетте, ошол оор учурларда мамлекеттин жүгүн аркалап, эл кызматында жүргөн азаматтарыбыз арбын болду. Азыр да билек түрө эмгектенип, элдин эртеңи үчүн күрөшүү учур талабы.

Мамлекет мага эмне берет дебестен, мен мамлекетке эмне бере алам деген чакырык менен иштей турган мезгил келди.

Мамлекеттик кызматкерлер эл биримдигин бекемдөөгө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана калктын жашоосун жакшыртууга бардык күч-аракетин, билимин, жөндөмүн жумшоосу зарыл.

Бабаларыбыз эзелтен эңсеп келген эгемендикти колдон чыгарбай, эл ишенимин актоо башкы милдетибиз болушу керек!

Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалап, кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!".

Пикир

Оставить комментарий