• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамытов менен Новиков социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча маселелерди талкуулады

Президент 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 17-ноябрда, өлкө премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда КР өкмөтү тарабынан өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү, ошондой эле бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүү биринчи кезектеги маселелердин бири экенин белгиледи.

Талант Мамытов учурдагы кырдаалда макроэкономикалык туруктуулукту, азык-түлүк коопсуздугун жана өлкөдө ишкерлердин активдештүүсүнө түрткү берүүчү чараларды камсыз кылууга биринчи кезекте көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Ошону менен катар республика аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана андан улам экономикалык кесепеттерди минималдаштыруу боюнча Өкмөттүн кризиске каршы планын ишке ашыруу чаралары талкууланды.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков өкмөт тарабынан президенттик шайлоону ачык-айкын жана азыркы мыйзамдарды бузбастан өткөрүүгө бардык күч-аракеттер көрүлөрүн белгиледи. Ал үчүн Республикалык штаб түзүлдү, аны вице-премьер-министр Максат Мамытканов жетектейт.

Ошондой эле Артем Новиков бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана социалдык милдеттенмелерди каржылоо тууралуу маалымат берди. Ал бюджеттин бардык корголгон беренелери каржылана турганын жана өкмөт бардык социалдык кепилдиктерди аткарарын белгиледи.

Ошондой эле, ата мекендик бизнес тармагын колдоо боюнча ишкерлерге кыска мөөнөттүү иш-чаралар планы иштелип чыккан, ага административдик жүктү азайтуу, фискалдык жана укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөргө мораторий киргизүү боюнча сунуштар киргизилген.

Мындан сырткары, Артем Новиков азык-түлүктүн баасын төмөндөтүү чаралары туурасында, алардын айрымдарына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана социалдык маанилүү товарларды сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча токтомдордун долбоорлору даярдалып жатканын билдирди. Ошондой эле алардын зарыл болгон корун түзүү үчүн импорттоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Азык-түлүктүн беш түрүнүн кору ашыкчасы менен бар. Баалардын жогорулашына жол бербөө үчүн ири сатуучулар менен социалдык маанидеги товарларга жеткиликтүүлүк механизми иштелип жатат», — деп баса белгиледи Артем Новиков, өлкөдө азык-түлүк менен камсыздоо эч кандай үзгүлтүккө учурабай турганын айтып жатып.

Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу жана анын терс таасирин азайтуу боюнча чаралар кабыл алынып жатканын, зарыл болгон дары-дармектердин жана жабдуулардын үч айлык кору түзүлгөнүн кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда президенттин м.а Талант Мамытов премьер-министр Артем Новиковдун астында президенттик шайлоого чейин мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чоң жоопкерчилик турганын дагы бир ирет өзгөчө белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий