• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Мамытов Ноокен районунун тургундары менен жолугушууда алардын негизги көйгөйлөрүн талкуулады

Президент 0

Бишкек, 20.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокен районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, республиканын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн көрүлүп жаткан чаралар жана башка маселелер көтөрүлдү.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрларында өлкөдө элдик толкундоолор болуп, анын натыйжасында бийлик тынчтык жолу менен алмашканын белгиледи. Калктын нааразычылыгына парламенттик шайлоонун жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулар менен жана адилетсиз өткөндүгү, республикада сапаттык өзгөрүүлөрдүн болбогондугу себеп болгон.

Талант Мамытов учурда ага чоң жоопкерчилик — өлкө Президентинин милдетин аткаруу жүктөлгөндүгүн кошумчалады.

«Быйыл коронавирустук инфекция пандемиясы атамекендик экономикага олуттуу таасирин тийгизип, республикалык бюджеттин тартыштыгы өстү. Буга карабастан, мамлекет бардык социалдык милдеттенмелерин аткарат», — деп ишендирди Талант Мамытов.

Ал өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөргө байланыштуу эмгек миграциясы маселеси бир топ курч турганын өкүнүү менен белгиледи.

«Ушул жана башка көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн тез арада реформалар зарыл. Бул оңой эмес мезгилде өлкөнүн учурдагы жетекчилигине көбүрөөк жоопкерчилик жүктөлүүдө. Бүгүнкү күндө биз үчүн негизги артыкчылыктуу багыттардын бири — Президенттик шайлоону ачык жана акыйкат өткөрүү», — деп билдирди Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.

Ал президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өткөрүлөрүн кошумчалады.

«Өлкө тарыхында биринчи жолу башкаруунун ылайыктуу формасын эл өзү тандайт. Биз шайлоо процессинин таза жана ачык болушун камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз, анткени андан Кыргызстандын келечеги көз каранды», — деп айтты Талант Мамытов.

Ал ошондой эле атамекендик экономиканын өсүшүнүн жана өнүгүүсүнүн келечегине токтолду.

«Кыргызстандын жер казынасында зор мүмкүнчүлүктөрү бар, минералдык ресурстар өтө көп. Бардык пайдалуу кендер элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек. Бирок бул үчүн экономикада жаңы ыкмалар талап кылынат. Райондордун жана региондордун мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле ЕАЭБдин потенциалын натыйжалуу пайдалануу зарыл. Биз азыр „өткөөл мезгилден“ татыктуу чыгып, келечекке карай умтулушубуз керек», — деп белгиледи Президенттин милдетин аткаруучу.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар шайлоо системасы, авариялык абалдагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөө, токой чарба тармагындагы иштер, жол инфратүзүмүн куруу, банк насыяларынын пайыздык чени, билим берүү жана медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүк, билим берүү тутумунун сапаты, калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу, жол кырсыктарын азайтуу, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майларга жана азык-түлүккө болгон бааларды төмөндөтүү жана башка маселелерди көтөрүштү.

Ноокен районунун жашоочуларынын суроолоруна Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жана тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий