• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамытов прокуратура органдарынын ардагери Жунусмамат Асырановдон кабар алды

Президент 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 21-декабрда, Жалал-Абад облусуна иш сапары учурунда прокуратура органдарынын ардагери жана устаты Жунусмамат Асырановго барып жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

73 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну Жунусмамат Асыранов көп жылдар бою Ош жана Жалал-Абад облустарынын прокуратура органдарында иштеген. Ошол эле жылдары Жунусмамат Асырановдун жетекчилиги астында прокуратуранын бөлүмдөрүндө Талант Мамытов да иштеген.

2008-жылы Жунусмамат Асыранов Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын бөлүм башчысы кызматынан ардактуу эс алууга чыккан. Эмгекте көрсөткөн артыкчылыктары үчүн ведомстволук артыкчылык белгилери жана Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жунусмамат Асыранов менен баарлашууда Талант Мамытов ардагердин ага көрсөткөн таалим-тарбиясы, карьерасына жана кесиптик чеберчилигине берген нускамасы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

«Сизден алган билимди жана тажрыйбаны мен бекем өздөштүрдүм, алар менин күнүмдүк ишиме ар дайым жардам берип турат», — деп белгиледи мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов прокуратура тармагындагы бирге иштеген жылдарын көп эскерерин, Жунусмамат Асыранов ал үчүн өзүнүн ишине берилген, жогорку кесипкөй жана чынчыл мамлекеттик кызматкердин стандарты бойдон кала берерин белгиледи.

«Мамлекеттик кызматта сиздин сапаттарга ээ болгон адистер иштешин каалар элем», — деп айтты президенттин милдетин аткаруучу устатына кайрылып.

Талант Мамытов ошондой эле Жунусмамат Асырановдун прокуратуранын жаш кызматкерлерин тарбиялоодогу жоопкерчилигин, берилип иштегенин, чыдамкайлыгын, ошондой эле камкордук менен мамиле кылып, алардын ишке кызыгуусун пайда кылып, шыктандыра турган жөндөмгө ээ болгонун кошумчалады.

Өз кезегинде Жунусмамат Асыранов Талант Мамытовдун ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өзүнүн турмуштук тажрыйбасынан баалуу кеңештери менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий