• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талант Мамытов: Россия бизге көптөгөн маселелер боюнча жардам берүүгө даяр

Президент 0


Бишкек, 09.12.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» каналына маек курду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Россия Федерациясы менен эки тараптуу мамилелер, атамекендик эмгек мигранттардын көйгөйлөрү, коррупция, коронавирус инфекциясынын пандемиясына каршы күрөшүү чаралары жана башкалар тууралуу актуалдуу суроолорго жооп берди.

Талант Мамытов белгилегендей, Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Дума төрагасы Вячеслав Володин менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында жакшы натыйжаларга жетишилди.

Жолугушууда кыргызстандык эмгек мигранттарынын бир катар көйгөйлөрү — Россиянын Федералдык миграция кызматы тарабынан Кыргызстандын айрым жарандарынын Россияга кирүүсүнө тыюуга («кара тизме») байланыштуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуудагы кыйынчылыктар, авиакаттамдардын билеттеринин кымбаттыгы жана башкалар көтөрүлгөн. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселеси сунушталды.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов Вячеслав Володиндин россия тараптын аталган маселелерди чечүүгө даярдыгын билдиргенин, тиешелүү эки тараптуу макулдашууларга кол коюу белгиленгендигин айтты.

Президенттин милдетин аткаруучу өлкөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүгө дары-дармектер жетиштүү экенин, ошону менен катар эле россия тараптын кошумча жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Талант Мамытов Вячеслав Володин менен болгон жолугушууда Кыргызстандын ЕАЭБ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы бардык эл аралык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу ниети бар экенин дагы бир жолу тастыктады.

Маектин жүрүшүндө ал ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн билдирди.

«Кыргызстандын бардык багыттар боюнча кызматташтыкты арттырууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгерде ири долбоорлорду ала турган болсок, алар ГЭС, завод-фабрикаларды куруу, айыл чарба секторунда органикалык продукцияларды ташуу жана башкалар», — деп белгиледи Талант Мамытов Биримдиктин рыногуна атамекендик продукцияларды чыгаруу үчүн чоң-чоң мүмкүнчүлүктөргө токтолуп.

Ошондой эле Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Москвада Кыргызстандын жарандары менен болгон жолугушуу туурасында да кеп кылып, Жогорку Кеңеш Төрагасынын астында Миграция маселелери, чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен диаспоралар боюнча кеңеш түзүлгөндүгүн айтып берди.

«Расмий маалыматтарга ылайык, учурда 700 миңден ашуун мекендешибиз Россияда эмгектенип жүрөт. Аларга тиешелүү шарттар түзүлүшү зарыл. Эмгек миграциясы жаатында көптөгөн көйгөйлөр бар. Төраганын астындагы кеңештин түзүлүшү — бул жааттагы көйгөйлөрдү азайтуунун бир жолу. Төраганын астындагы кеңеш парламент тарабынан зарыл болгон мыйзам долбоорлорду демилгелөө жана кабыл алуу аркылуу эмгек мигранттарыбыздын көйгөйлөрүн чечет», — дейт Талант Мамытов.

Ал ошондой эле учурда Кыргызстандагы маанилүү процесстердин бири бул президенттик шайлоону таза жана адилет өткөрүү, референдумду уюштуруу экенин белгиледи.

«Шайлоону ачык-айкын өткөрүү боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди, аларга эл аралык байкоочулар дагы байкоо жүргүзүп турушат», — деп билдирди Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу өлкөнүн жарандары өлкөдөгү башкаруунун эң ылайыктуу формасын аныктап алышы керек болгон конституциялык реформанын маанисине токтолду.

Мындан сырткары, ал коррупциялык элементтерди чектөө чаралары жөнүндө, ал үчүн коррупцияга алып келген себептерди айырмалап белгилеп, адам факторун жокко чыгаруу зарылдыгы тууралуу өз оюн билдирди.

Муну менен катар президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов өлкөдө экономикалык мунапыс жүрүп, анын алкагында бюджетке миллиондогон долларлык каражат түшүп жатканын эске салды.

Пикир

Оставить комментарий