• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамытов: Учурда башка мамлекеттер кандайдыр бир блокада менен Кыргызстанды коркута алышпайт

Коом 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. Учурда башка мамлекеттер Кыргызстанды транспорттук, газ же энергетикалык блокада менен коркута алышпайт. Бул тууралуу эксперт, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов билдирди.

“Биз сыймыктана турган эң башкы ийгилигибиз – бул көз карандысыздык. Биз көз карандысыз, эгемен өлкөдө жашайбыз. Бул мезгил аралыгында биз Конституциябызды кабыл алдык – бул эң башкысы. Ооба, биз аны бир нече ирет өзгөрттүк, бирок биздин Конституциябыз бар. Биздин тиешелүү мамлекеттик бийлик бутактарыбыз: мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги калыптанган. Өзүбүздүн армиябыз, чек аралары белгиленген аймагыбыз бар. Өз элибиз турат. Эгемен эл катары бардык зарыл атрибуттарыбыз: герб, желек жана гимн бар. Бул абдан маанилүү”, - деп эсептейт Т.Мамытов.

Анын айтымында, көз карандысыздык жылдарындагы өлкөнүн башкы жетишкендиги - бул республикада туруктуулук жана тартиптин орношу. Ооба, тилекке каршы, 2010-жылдагы окуялар болду. Бирок, алардын бир катар субъективдүү жана объективдүү себептери бар. Буга өлкө дагы, эл дагы күнөөлүү эмес. 2010-жылдагы түштүктөгү окуялар айрым ички жана тышкы күчтөр тарабынан козутулган. Ошондуктан Кыргызстан көз карандысыздыктын 26 жылында алгачкы жолу коркунучтун жаңы түрүнө туш болду. Тактап айтканда, өлкөнүн туруктуулугуна кызыкдар болбогон ички жана тышкы күчтөрдүн ички жана тышкы саясатка кийлигишүүсү. Буга 2010-жылдагы окуялар далил.

Эксперт белгилегендей, өлкөнүн өнүгүшүнүн дагы бир белгиси - улуттук илимдин, маданияттын, билим, искусство жана адабияттын өнүгүшү. “Мындан тышкары, биз БУУдан тарта ЖККУ жана ЕАЭБге чейинки Эл аралык уюмдарга активдүү катышабыз. Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун толук укуктуу мүчөсү. Биз эл аралык иштерге жигердүү аралашып, көз карандысыз ички жана тышкы саясатыбызды жүргүзөбүз”,- деди Мамытов.

Ал өлкө өзүнүн улуттук армиясын түзө алганын белгилеп өттү. Өкмөт армия маселесин чечип, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоого бардык аракетин жасап жатат. Өлкө айрым мамлекеттердин кысымынан чыкты. Бүгүн Кыргызстандын энергетика жана транспорттук коммуникациясы көз карандысыз. Бул өлкөнүн көз карандысыздыгын жана өз алдынчалыгын көрсөтүп турат. Бул зор ийгилик.

Мамытов Кыргызстанда чечилбеген маселелер дагы көп экенин белгиледи. “Бүгүнкү күндө өкмөттүн алдында экономика багытында көптөгөн милдеттер турат. Бул өлкөнүн өнөр жай ишканаларын жандандыруу, калктын социалдык-экономикалык абалын көтөрүү, мамлекеттик чек араны юридикалык жактан бекемдөө, коопсуздук, коргоо, укук тартиби маселелери. Ошондой эле, өлкөдөгү диний кырдаал өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Эң башкысы – өсүп келе жаткан жаш муундун билимин жана маданиятын сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү, өлкөнү алдыңкы катарга алып чыга турган улуттук элитаны түзүү болуп саналат”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий