• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мамытов Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Кун мурун, 15-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинен маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык өз ара байланыштар талкууланды. Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыктарын канаттануу менен белгилешти. Андагы сүйлөшүлөрдө кабыл алынган бардык келишимдерди ишке ашыруу боюнча эки өлкөдө тең жетиштүү чаралар жүргүзүлөрүн кошумчалаган Талант Мамытов менен Танзила Нарбаева парламенттер аралык жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу да ой бөлүштү.

Андан тышкары, жолугушууда "Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогу" платформасы жана гендердик теңчиликти камсыздоо маселелери каралды. Кыргыз тарап алгачкылардан болуп жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квота бөлүү тууралуу ченем ишке ашырылганын маалымдашты. Натыйжада жергиликтүү кеңештерде айым депутаттардын саны көбөйгөнү жүйө келтирилди.

Баарлашуунун соңунда Талант Мамытов Өзбекстан Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаеваны Кыргыз Республикасына расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий