• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Манас” ААК: Каттамдар кечиктирилген учурдагы тамактануу жана түнөө үчүн аэропорт эмес авиакомпания жооп берет

Коом 0

Бишкек, 16.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Аба каттамдары кечиктирилген учурдагы тамактануу жана түнөө үчүн аэропорт эмес авиакомпания жооп берет. Бул тууралуу “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн Facebook тармагында Ошко учуп жаткан жүргүнчүлөрдүн аба каттамдар кечиктирилген учурда эне бала бөлмөсүндө уктап жатышканы тартылган сүрөттөр менен даттануулар жайылган.

Анын айтымында, “Ош” аэропортунда экинчи күн калың туман байкалууда. Мындан улам учактар Бишкектеги “Манас” аэропортунун батыш аэродромуна конууда. “Сураныч, бул биздин күнөө эмес экенин түшүнүңүздөр, биз үчүн эң башкысы сиздердин коопсуздугуңуздар”, - деди ал.

Аэропорт каттамдар кечиктирилген учурда тамак-аш жана түнөк жай сунуштабай жатканы тууралуу нааразычылыктар боюнча Курбанова бул “Манас” ААКнын компетенциясында эместигин белгиледи.

“КРнын авиациялык эрежелерине ылайык, каттам 4 сааттан ашык кечиктирилсе, анда авикомпаниялар жүргүнчүлөргө ысык тамак берүүлөрү керек. Ал эми 8 сааттан көп кечиктирилсе, анда авиакомпаниялар мейманкана сунуштоосу керек. Аэропорт башка кызматтарды көрсөтөт”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий