• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Манас» аэробекет комплексине кирүү боюнча чектөөлөр кыскартылды

Коом 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгына байланыштуу «Манас» эл аралык аэропортунун аэробекет комплексине кирүү боюнча чектөөлөр кыскартылды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-сентябрынан баштап саат 07:00дөн 00:00гө чейин узатуучулар жана күтүп алуучулар үчүн «Манас» аэропортунун имаратына кирүүсү боюнча чектөөлөр убактылуу алынып салынды.

Ал эми, саат 00:00дөн 07:00гө чейин аэробекеттин ичине ошол күнгө алынган билети бар гана жүргүнчүлөр кире алышат.

Пикир

Оставить комментарий