• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Манас» аэропорту: 2022-жылы учакта ташууга тыюу салынган 1,3 миң буюм табылган

Коом 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын Авиациялык коопсуздук кызматы тарабынан 2022-жылы аба кемеде ташууга тыюу салынган, денеге оор жаракат келтирүүчү (учтуу, кесүүчү) 1 миң 360 буюм жана 1 миң 296 литр суюктук табылган. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Манас» аэропортунун кызматкерлери ээси белгисиз 174 даана буюм табышкан. 135 литр өлчөмүндө аэрозоль, гель жана башка суюктуктар, ошондой эле денеге оор жаракат келтирүүчү (саюучу, кесүүчү) 174 даана буюм жана (Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турган буюмдар) 1 кг 158 грамм сары металл табылган.

Пикир

Оставить комментарий