• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Манас" аэропорту авиация ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту" ААК жыл сайын 1-октябрда белгиленүүчү Карылардын эл аралык күнүнө карата КРнын Жарандык авиация күнүнө карата 267 эмгек ардагерлери-мурдагы авиациянын кызматкерлерине кайрымдуулук жардам көрсөттү. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аэропорттун жетекчилиги тарабынан "Манас", "Ош", Ысык-Көл" аэропортторунда 15 жылдан ашык иштеп, жаш курагы боюнча пенсияга чыккан авиациянын 267 ардагерине материалдык көмөк көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Аталган башкармалыктын төрагасы Бакыт Шаршеев авиациянын улуу муунунун өкүлдөрүнө жарандык авиацияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

"Сиздердин узак мөөнөттүү жана ак ниеттүү эмгегиңиздер, ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеңиздер жаштарга үлгү болот деп эсептейм. Сиздерге терең ыраазычылык билдирип, бекем ден-соолук, кажыбас кайрат каалайм, ар дайым маанайыңыздар ачык болсун", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий