• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Манас” аэропорту биринчи жолу 2 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Коом 0

Бишкек, 22.01.18. /Кабар/. “Манас” Эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн агымы 2017-жылдын 12 ай ичинде 503 миң 406 жүргүнчүгө көбөйгөн, 2016-жылга салыгтырмалуу 3 млн 586 миң 337 адамды түзгөн. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен ички каттам - 1 млн 317 миң 775 адам, ал эми эл аралык каттам – 2 млн 268 миң 562 адам.

Алсак, “Манас” аэропорту күнүнө орточо эсеп менен 9,9 миң жүргүнчүнү, 2016-жылы – 8,5 миң жүргүнчүнү тейлеген.

Андан сырткары, 2017-жылда 31 миң 956 рейс тейленип, мурдагы жылга салыштырмалуу 3 миң 327 рейске көп. Алардын ичинен эл аралык каттам боюнча 21 миң 6 рейс, ал эми ички каттам боюнча – 10 миң 950 рейс тейленген.

Пикир

Оставить комментарий