• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Манас» аэропорту Бишкекте ачылган социалдык кир жуучу жайга жардам берди

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2021-жылдын 16-июнунда алгачкы ирет Бишкек шаарында ачылган социалдык кир жуучу жайга жардам берди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн «МЭА» ААК башкы директорунун орун басары Абдумалик Бусурманкулов «Жетимдерди коргоо укугу» Коомдук фондунун негиздөөчүсү жана директору Игорь Беляевди жетим балдарды, балдар үйүнүн жана интернаттын бүтүрүүчүлөрүн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарды колдоого алып келе жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Биз сиздердин фондуңуздардын кайрымдуулук долбоорлорун колдоп келгендигибиз үчүн кубанычтабыз, анткени сиздердин тигүү цехи, жаштар үйү, бүгүнкү ачылып жаткан кир жуучу жай жана дүкөн – социалдык жактан чоң мааниге ээ. Сиздер балдар үйүнүн жана интернаттын бүтүрүүчүлөрүн камкордукка алып, аларды иш менен камсыздоо менен бирге, аларга мындан ары чоң жашоого аралашып, иштеп, алдыга умтулганга чоң мүмкүнчүлүк түзүп жатасыздар»,-деди ал өз сөзүндө.

Игорь Беляев «МЭА» ААК «Жетимдерди коргоо укугу» фондун 5 жылдан бери колдоп келе жаткандыгын белгилеп, кайрымдуулук иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Маалымат үчүн: «Жетимдерди коргоо укугу» КФ 2012-жылы Краснореченск балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү Игорь Беляев тарабынан түзүлүп, жетим жана ата-энесинин камкордугу жок калган балдарга моралдык, материалдык жана социалдык жактан колдоо көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий