• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Манас” аэропорту демейдегидей иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 16.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. “Манас” аэропорту өз ишин жантантты. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Аэродром учактарды кабыл алып жана учуруп жатат.

Эске сала кетсек, эртеден бери аэропортто калың туман болуп, каттамдар убактылуу токтотулган болчу.

Андан сырткары, бир нече борттор Ош жана Алматынын кошумча аэродромдоруна жөнөтүлгөн.

Каттамдар тууралуу маалыматты төмөнкү телефон аркылуу байланышып билүүгө болот: 0312 69 31 09.

Пикир

Оставить комментарий