• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Манас" аэропорту Ош-Кувейт багыты боюнча жаңы каттам ачууну пландап жатат

Коом 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. "Манас" Эл аралык аэропорту Ош-Кувейт багыты боюнча жаңы каттам ачууну пландап жатат.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-октябрынан тарта Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачылат.

"Авиакаттамдарды Jazeera Airways авиакомпаниясы аткарат. Учактар жумасына эки ирет – шейшемби жана жекшемби күндөрү учуп турмакчы", - деп билдиришти аэропорттун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий