• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Манас" аэропорту пандемия шартында аткарган жумуштары тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту 2020-жыл аралыгында жалпы суммасы 2,6 млн сомдон ашык ар кандай маданий жана кайрымдуулук долбоорлорго жардамдар көрсөттү.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, "Манас" аба бекети карыларга, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетим балдарга, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана башка калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүп келет.

2020-жылы төмөндөгүдөй жардамдар көрсөтүлдү:

- Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фондуна;

- Жарандык авиациясынын ардагерлеринин коомдук бирикмеси;

- Профессионалдык кол күрөш боюнча федерация;

- Аламүдүн районунун мектептеринде билим алып жаткан 148 томолой жетим, жарым-жартылай жетим жана 7 жаштан 17 жашка чейинки аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына;

- Жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернатына;

- Мраморное айылынын орто мектебинин окуучуларына;

- "Үмүт шамы" ККФ - 185 майып мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга;

- Аламүдүн районунун мектептеринде окуган 7 жаштан 17 жашка чейинки 148 томолой жана жарым-жартылай жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына 207 миң 200 сом өлчөмүндө кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий