• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

«Манас» аэропорту: ПЦР-тест боюнча тараган маалымат чындыкка дал келбейт

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы ПЧР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

«Бул биздин эмес, сиздер бара турган өлкөлөрдүн талаптары. Андыктан, авиабилеттерди сатып алууда же Кыргызстандан бара турган өлкөнүн элчилигинде ПЧР тести тууралуу маалыматты тактап билип алууңуздарды суранабыз», - деп айтылат маалыматта.

Аэропорттун маалыматына караганда, Кыргызстанга келгендер үчүн бардык талаптар жокко чыгарылган. Өзбекстан, Казакстан жана Түркия да ушул жылдын июнь айында ПЧР-тестинин же эмдөө сертификатынын милдеттүү түрдө болушун жокко чыгарышкан.

Бирок Россия, БАЭ, Индия бул талаптарды жокко чыгарган жок. Андыктан, Кыргызстандын аэропортторунда аталган өлкөлөргө учууга катталууда авиакомпаниянын өкүлдөрү ПЧР тестин же эмдөө сертификатын талап кылышат.

«Манас» аэропорту башка өлкөлөрдүн талаптарына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана такталбаган маалыматты таратпоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий