• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Манас” аэропорту Саламаттык сактоо министрлигине “Гемос” аппаратын сатып алууга финансылык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту Саламаттык сактоо министрлигине 1 млн 780 миң сом суммасына “Гемос-ПФ” плазмаферезин сатып алууга финансылык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

“Гемос-ПФ” плазмаферези бейтаптардын канын экстракорпоралдык тазалоо процедураларын жүргүзүү үчүн арналат жана акыркы эл аралык стандарттарга жооп берет. Аны Кыргызстандын ооруканаларында пайдалануу кымбат баалуу медикаменттердин сарпталышын азайтып, бейтаптардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө көпкө чейин калуусун жана жалпы дарылоо мөөнөтүн кыскартып, өлүмдүүлүктү азайтууга көмөктөшөт.

“Бүгүнкү күнгө карата “Гемос” аппараты КМШнын 780ден ашык медициналык уюмдарында колдонулат, бул дарылоонун жогорку натыйжалуулугунан кабар берет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий