• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Манас" аэропорту штаттык режимде иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Эл аралык "Манас" аэропорту штаттык режимде иштеп жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аэропорттун иштебей жаткандыгы тууралуу айрым ЖМК жана социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. "Учурда кызматкерлер иш ордунда жана өз милдеттерин аткарууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин "Манас" эл аралык аэропортунун директорлорунун кеңешинде Бактыбек Сыдыковду жетекчилик кызматка дайындоо боюнча чечим кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий