• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Манас" аэропорту штаттык режимде иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунда аба ырайы жана көрүү жакшыргандыгына байланыштуу каттамдарды жөнөтүү жана кабыл алуу жанданды.

Аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн аэропорттун аймагындагы туманга байланыштуу учак каттамдары убактылуу кармалган. Атап айтканда, ички каттамдар – Ош жана Баткен, эл аралык - Стамбул (Түркия), Улан-Батор (Монголия), Урумчи (КЭР) каттамдары.

Учурда аба ырайы жакшырып, аэропорт штаттык режимде иштей баштады.

“Каттамдар тууралуу маалыматты 0 312 693109 ("Манас") жана 0 312 229010 ("Ош") номерлерине чалып билүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий