• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

“Манас” аэропорту штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 12.12.18. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту штаттык режимде иш алып барууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, калың тумандын кесепетинен көрүү начар болгон себептен каттамдар кармалып, же токтотулган. Кечки саат 22:00дөр чамасында аба ырайы жакшырып, көрүү 550 метрди түзгөн.

Ош шаарынын запастык аэродромуна кондурулган Казань-Бишкек жана Москва-Бишкек каттамдары Бишкекке келген. Кечигүү менен Ош-Бишкек рейси да аткарылган. Саат түнкү 00:00гө бардык кармалган каттамдар: Грозный, Новосибирск жана Москва шаарларына аткарылган.

Учурда “Манас” аэропорту штаттык режимде ишин улантууда.

Эске салсак, кечээ, 11-декабрда, аэропорттун аймагында эртеден бери калың туман каптап, 4 учак Оштун жана Алматанын запастык аэродромдоруна кондурулган

Пикир

Оставить комментарий