• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Манас" аэропорту Сиандан учуп келген жаңы каттамды салтанаттуу тосуп алды

Коом 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту бүгүн, 27-мартта Сиань-Бишкек-Сиань багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамды салтанаттуу түрдө тосуп алды.

Аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салт боюнча учакты суу аркасы менен тосуп алышты.

Учуулар Loong Air кытай авиакомпаниясынын 320 учагы аркылуу жумасына 2 жолу - дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашырылат. Учуу убактысы болжол менен 4 саат 30 мүнөт.

Пикир

Оставить комментарий