• 84.8
  • 102.4
  • 1.15

"Манас" аэропорту туманга байланыштуу каттамдарды кабыл ала албайт жатат

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-январда, "Манас" эл аралык аэропорту коюу туманга байланыштуу каттамдарды кабыл ала албайт жатат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, метеошартка байланыштуу Алматы-Бишкек-Алматы жана Ош-Бишкек каттамдары кечигүүдө.

Аэропорт жүргүнчүлөрдөн каттамдар тууралуу маалыматты төмөнкү телефон номери аркылуу тактоону суранат: 0(312)693109.

Пикир

Оставить комментарий