• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Манас” аэропорту тышкы башкарууга өткөрүп берилбейт

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту Татарстандын инвесторуна тышкы башкарууга өткөрүп берилет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда "МЭА" ААКнын жетекчилиги инфраструктуралык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу, аэропорттордун киреше бөлүгүн кеңейтүү, "МЭА" ААКнын түздөн-түз жана кыйыр кирешелерин камсыздоо үчүн жаңы ишмердүүлүктөрдү жогорулатуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Бүгүнкү күндө, кытай, түрк жана ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул иш чаралардын чегинде "ЯДРАН" БК ЖЧКсынын жетекчиси И.Салихов менен жолугушуу болуп өттү.

"МЭА" ААКнын башкы директору Б.Шаршеев инвестицияга муктаж болгон компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берген. Анын ичинен, "Манас" жана "Ош" аэропортторунун эскирген учуу-конуу тилкелерине реконструкция иштерин жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу маселени көтөргөн. Сүйлөшүүлөр таанышуу маалыматтык мүнөздө өткөн.

"Манас" аэропортун тышкы башкарууга өткөрүп берүү маселеси "МЭА" ААКнын жетекчилиги тарабынан каралбайт.

Белгилей кетчү нерсе, "ЯДРАН" БК ЖЧКсынын өкүлдөрү Кыргызстанга өздөрү үчүн рынокту жана инвестициялык ишмердүүлүктү талдоо үчүн келишкен.

"МЭА" ААКнын инфраструктурасынан тышкары мобилдик байланыш жана энергетика тармагында кызматташуу жолдорун кароодо.

Пикир

Оставить комментарий