• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Манас” аэропорту жабык: учактарды учурбай жана кабыл албай жатат

Коом 0

Бишкек, 22.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Учурда аба ырайына байланыштуу “Манас” аэропорту жабык. Бул тууралуу “МЭА” ААКнан кабарлашты.

Аэропорт учактарды кабыл албай жана учурбай жатат, себеби аба ырайынын бузулушуна байланыштуу учуу-конуу тилкесин көрүү начарлаган.

Маалыматта айтылгандай, учурда 4 учак рейсти күтүп турат.

Өз каттамдарын күтүп жаткан жүргүнчүлөр менен - Аэрофлот, Флай Дубай, Урал авиалиниялары жана Эйр Манастын өкүлдөрү иш алып барууда.

“Байсал” авиа кассасынын өкүлү билдиргендей, аэропортто каттоону кабыл алуу саат 18:00дөн башталат.

Пикир

Оставить комментарий