• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Манас” аэропортуна Душанбеден учуп келген чартердик каттам артка кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын чек арачылары Душанбеден “Манас” аэропортуна келген Тажикстандын жарандарын өткөрүүдөн баш тартты.

Аэропорттун басма сөз кызматы агенттикке билдиргендей, 2021-жылы 25-майда саат 23:11де “Манас” эл аралык аэропортуна тажикстандык “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын чартердик каттамы келген. Учакта 186 жүргүнчү болгон. Анын ичинен 9 башка мамлекеттин, 177си Тажикстандын жараны болгон.

Тажикстандын жарандары үчүн Кыргызстандын аймагына кирүүгө, болууга жана транзит менен өтүүгө убактылуу чектөөлөргө байланыштуу, КР Чек ара кызматы тажик жарандарын кабыл алуудан баш тарткан. Үчүнчү өлкөнүн 9 жараны каттоодон өтүп, Бишкекте калган.

Тажикстандын жарандары менен учак 2021-жылы 26-майда саат 03:17де кайрадан Душанбеге жөнөтүлдү.

Ошондой эле, Чек ара кызматы мындай чара Тажикстандын жарандарынын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгенине байланыштуу колдонулганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий