• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Манас” аэропортуна жакын 238 дачалык участок жайгашкан - Абулгазиев

Коом 0

Бишкек, 14.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Сокулук районундагы “Манас” аэропортуна жакын тиешелүү чечим кабыл алуу талап кылынган 238 дачалык участок жайгашкан. Бул тууралуу журналисттерге президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Анын айтымында, айрым жер тилкелерди көчүрүп, башкаларына калктуу пункт статусун берүү керек.

“100 же 400 үй бар дачалык тилкелерди көчүрүү үчүн көп акча талап кылынат. Ошондуктан жер бөлүп берип, коммуникация, электр жарыгын, суу жана башкаларды тартуу керек. Алсак, “Дача-СУ” тилкесинде 420 үй бар. Жалпысынан маселе комиссиянын ишинин алкагында чечилет”,- деп түшүндүрдү ал.

Мындай тилкеде жашоо канчалык коопсуз экендиги тууралуу суроого Абулгазиев маселе калктуу пункттардын жайгашуусунда эмес, учактардын техникалык абалында экенин билдирди.

“Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) учактардын жана аэропорттун техникалык абалы боюнча талабы бар. Ошондой эле экипажга да талаптар коюлган. Эгерде бул талаптарга жооп берсе, кырсыктардын алдын алууга болот. Бизде үйлөрүбүздүн үстүндө учактар жүрсө, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө алар көп кабаттуу үйлөрдүн чатырына конот”, - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын жүк ташуучу Boeing-747-400F учагы “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача-СУ айылында кыйроого учураган. Ал Гонконг-Стамбул багыты боюнча бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен 39 адам, экипаждын 4 мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жарандары каза болгон. 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий