• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Манас” аэропортунда 3 ПЦР-лаборатория иштөөдө

COVID - 19 0

Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунун аэробекеттик комплексинде 3 экспресс-лаборатория иш алып барууда.

“Манас” эл аралык аэропорту ААКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ПЦР-анализ тапшырып, кыска мөөнөттө изилдөөнүн жыйынтыгын төмөнкү экспресс-лабораториялардан алууга мүмкүн:

Бонецкий лабораториясы;

Medikana Plus;

AMSBIO lab;

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы ПЦР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул биздин эмес, сиздер бара турган өлкөлөрдүн талаптары. Андыктан ПЦР-тести тууралуу маалыматты авиабилеттерди сатып алуу учурунда же Кыргызстандан бара турган өлкөнүн элчилигинен тактап алууңуздарды суранабыз”, - деп белгилешти аэропорттон.

Пикир

Оставить комментарий