• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Манас” аэропортунда аба-жүк борборунун экспорттук терминалы ишке берилди

Коом 0

Бишкек, 23.10.17. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев жана “Компания Манас Менеджмент” ЖАК президенти Асан Токтосунов бүгүн расмий түрдө “КММ” ЖАК аба-жүк борборунун экспорттук терминалын ишке беришти.

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы экспорттук терминал жүктөө-жүк түшүрүү иштерин, экспорттук жүктөрдү сактоо шарттарын жакшыртып, эң башкысы - авиациялык коопсуздук боюнча эл аралык нормалардын сакталышын жогорулатат.

Бул экспорттук терминал суткасын 50 тоннага чейинки жүктү сактоого эсептелген. Ошону менен бирге келечекте терминалды суткасына 300 тоннага чейинки жүктү тейлөөгө кеңейтүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Пикир

Оставить комментарий