• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Манас" аэропортунда бомба изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. "Манас" аэропортунда бомба коюлгандыгы тууралуу бүгүн, 5-февралда саат 15:09да билдирүү келип түшкөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, жерине ыкчам түрдө УКМК жана ИИМ кызматкерлери чыгып кетишкен.

Учурда аэропортто шектүү буюмду жана жардыруучу затты табуу боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бомба коюлгандыгы тууралуу кабар берген адамды аныктоо боюнча иштер жасалууда.

"Кабар" агенттигине аэропорттон билдиришкендей, учурда жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо иштери жүрүүдө.

Сүрөттөр: Шайырбек Мамтокторовдуку

Пикир

Оставить комментарий