• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Манас" аэропортунда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрь күнү "Манас" көзөмөл-өткөрмө бекетинде чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

"Стамбул-Бишкек" багыты боюнча учуп келген 26 жаштагы М.К.к. аттуу жаран паспорттук текшерүүдөн өтүп жатып паспортун көрсөткөн. Чек арачылар документте көрсөтүлгөн маалыматтардын туура эместигин аныкташкан", - деп билдирет Чек ара кызматы.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий