• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Манас" аэропортунда чоочун паспорт менен өлкөдөн чыгууга аракет кылган жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-январь күнү "Манас-аэропорт" көзөмөл өткөрмө жайында чоочун паспорт менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкек-Стамбул" каттамы менен учуп жаткан А.Б.к. аттуу 23 жаштагы кыргыз жараны чек арчыларга башка адамга таандык паспортту көрсөткөн.

"Белгилүү болгондой ал өзүнүн бир тууганынын паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган", - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин ал УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий