• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Манас" аэропортунда экстремисттик адабияттарды алып келе жаткан адам кармалды

Коом 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. Бишкектин "Манас" аэропортунда диний-экстремистик көз караштагы китептерди алып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-апрель күнү Ж.Н.С. аттуу жаран диний-экстремистик көз караштагы 48 китеп алып келе жаткан.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия китептер салафизим (ваххабизим) идеологияларын камтыйт деп билдирип, китептер кыргызстандыктардын салттуу баалулуктарына каршы келерин кошумчалаган.

Материалдар тийиштүү органга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий