• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Манас” аэропортунда IX Дүйнөлүк балдар ооюндарынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын тосуп алышты

Коом 0

Бишкек, 08.08.18. /Кабар/. Эл аралык “Манас” аэропортунда 3-5-август күндөрү Москвада өткөн IX Дүйнөлүк балдар ооюндарынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын тосуп алышты. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

“МАМ” Ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев балдарды жана алардын ата-энелерин мындай масштабдуу турнирдеги жеңиштери менен куттуктады.

“2-августта биз жеңүүчүлөрүбүздү Москвага узатканбыз. Бүгүн эл аралык аренадагы жеңүүчүлөрдү тосуп алуудабыз. Сиздерге чын жүрөгүбүздөн бекем ден соолук, чыгармачылыкка, жашоого болгон күчтүү каалоо каалайбыз”, - деди Чукуев.

“Помогать легко” коомдук фондунун директору Динара Аляеванын айтымында, Дүйнөлүк балдар оюндарына кыргызстандык балдар биринчи жолу катышууда.

“Бул онкологиялык ооруларды жеңген балдардын арасындагы эң масштабдуу турнир. Долбоор балдарга ооруларын унутуп, активдүү жашоого кайтышына жардам берет”, - деди ал.

Анын айтымында Кыргызстандан барган 9 баладан 7өө медаль утуп келишкен. Алардын экөө алтын, үчөө күмүш, экөө коло.

Оюндардын программасында сууда сүзүү, жеңил атлетика, стол тенниси, шахмат, футбол боюнча 7 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасында мелдештер өттү.

“Бул Россиянын “Өмүр тартуула” кайрымдуулук фондунун ири ыктыярдуу долбоору. Ага Россия, Белоруссия, Египет, Германия, ИндияЮ, Латвия, Турция, Украина жана башка өлкөлөрдөн 500 бала катышты.

Пикир

Оставить комментарий