• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Манас» аэропортунда Кувейттен келген биринчи каттамды суу аркасы менен тосуп алышты

Коом 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту 2021 жылдын 23-июнунда Jazeera Airways авиакомпаниясынын алгачкы туруктуу Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамын тосуп алды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтка айлангандай учак тилкеге конгондо аны эки жагынан өрт гидранттарынан суу чачып тосуп алышты.

Алгачкы каттамды транспорт министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев, жарандык авиация агенттигинин директору Бакыт Жунушалиев жана «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасынын өндүрүш боюнча орун басары Расул Мамашевдер тосуп алышты.

Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча туруктуу каттам жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлмөкчү.

Учуу убактысы – 3 саат 35 мүнөт.

Пикир

Оставить комментарий