• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Манас аэропортунда кыргызстандык жаран чоочун паспорт менен кармалды

Коом 0

Бишкек, 04.05.19. /Кабар/. "Манас-аэропорт" көзөмөл өткөрмө пунктунда Түркияга чочун паспорт менен учуп кетүүгө аракеттенген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматы белгилегендей, ал паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатып 28 жаштагы Н.Д. аттуу жаранга таандык паспортту көрсөткөн. Бирок, паспорттогу адамдын сүрөтү менен аны берген кыздын эч окшоштугу болгон эмес.

Кармалган кыз бөтөн паспорт менен чет өлкөгө чыгууга аракет кылганын моюнуна алган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий