• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Манас" аэропортунда өлкөдөн ителгини мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунда өлкөдөн ителгини мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Аба транспорттогу ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери "Манас" аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 22-ноябрда таңкы саат 05:30да аэропорттун жүк ташуучу терминалынан 25 жаштагы С.Д. аттуу чет элдик жарандын кол баштыгынан 5 даана ителгини (экөө өлүп калган) табышкан. Ал беш ителгини алып кетүүгө аракет кылганы маалым болгон.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 293-беренеси (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Кармалган жаран Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий