• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Манас” аэропортунда мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. “Манас” аэропортунда мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан 25-февралда “Манас” эл аралык аэропортунда “К.Э.И.Т.” ЖЧКнын дарегине үчүнчү өлкөдөн келген жалпы салмагы 20,2 кг болгон декларацияланбаган ар кандай дары-дармектердин түрлөрү табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий