• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Манас» аэропортунда Ташкент эл аралык марафонунун байге ээлерин тосуп алышты

Спорт 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. 7-декабрь күнү ата мекендик спортчулар Мария Коробицкая жана Илья Тяпкин Ташкенттен Бишкекке кечки авиакаттам менен учуп келишти. Алар II Ташкент эл аралык марафонуна катышышкан. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мария Коробицкая 42 км 195 метр классикалык аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундада чуркап өтүп, аялдар арасында финишке биринчи келди (Олимпиадалык норматив – 2 саат 29 мүнөт 30 секунд). Ушунун аркасында Мария Коробицкая Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Илья Тяпкин 42 км 195 метр аралыкта 2 саат 16 мүнөт 6 секунд жыйынтыгы менен эркектер арасында экинчи орунду ээледи.

«Манас» эл аралык аэропортунан ата мекендик спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Эрлан Бекманбетов жана жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын ага машыктыруучусу Айбек Сыргакбеков тосуп алышты.

Спортчуларды аталган мелдешке Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий