• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Манас" аэропортунда убактылуу эмдөө пункту ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунда кошумча эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эмдөө пункту саат 08:00дөн 16:30га чейин иштейт.

Белгилей кетсек, "Берекет Универсал" соода борборунда жайгашкан эмдөө пункту Жаш Гвардия бульвары №4 дареги боюнча Ленин районунун Калкты тейлөө борборлоруна көчүрүлгөн.

"Эмдөө ала турган адамдардын жанында паспорту болушу керек. Себеби COVID-19га каршы эмделген маалымат КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин электрондук саламаттык сактоо борборунун базасына киргизилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы.

Пикир

Оставить комментарий