• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Манас” аэропортунда Жарандык авиация агенттигинин кеңсеси ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. “Манас” аэропортунда көйгөй пайда болгон кезде учактарды тейлей турган Жарандык авиация агенттигинин (ЖАА) кеңсеси ачылды. Бул тууралуу кыргыз авиакомпанияларын ЕБдин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча коомдук угууда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, ал кеңседе Жарандык авиация агенттигинин инспекторлору отурат.

“Жакынкы убакта мындай кеңсени Ошто да ачууну карап жатабыз”, - деп билдирди ал.

Акышев маалымдагандай, учурда учуу/конуу маалында бир нече жолу көйгөй жаралган “JET” компаниясынын учактарынын кыймылдаткычтары боюнча иликтөө жүрүүдө.

“Учактын кыймылдаткычы боюнча иликтөө авиалайнер чыгарылган ишканага жөнөтүлдү. Заводдон жыйынтык азырынча келе элек. Жоопко жараша чара колдонулат. Биз регламенттер боюнча текшерүүнү күчөтүүдөбүз. Инжерендик курам жана аттестация боюнча текшерүү жүрүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий