• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Манас" аэропортундагы бомба тууралуу маалымат тастыкталган жок - УКМК

Коом 0

Бишкек, 05.2.19 /Кабар/. Бишкектин четиндеги "Манас" аэропортуна бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу "Кабарга" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Аэропорттун аймагында издөө-иликтөө иштери жүрүп, кандайдыр бир жардыргыч зат табылган жок.

Азыр милиция маалымат берген адамдын да тек-жайын аныктап жатат.

Эскерте кетсек, бүгүн болжол менен саат 15:00 чамасында белгисиз бирөөлөр аэропорттун электрондук почтасына имаратта бомба коюлгандыгы тууралуу кат жөнөтүшкөн. Бардык жүргүнчүлөр жана кызматкерлер сыртка чыгарылган.

Эвакуацияланган адамдар эки сааттан ашуун убакыттан соң имаратка кайра киргизилди.

Бир нече авиакаттамдар кармалып, аэропорттун иши саат 17:40 кайра жанданды.

Буга чейин күч органдарына телефондон бир нече бомба коюлганы тууралуу маалымат келген. Текшерүүдөн кийин бул кабарлар жалган болуп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий