• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Манас» аэропортундагы ПЧР лаборатория күнү-түнү иштей баштады

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-июнунунан баштап «Манас» эл аралык аэропортундагы COVID-19га анализди ПЧР-тест ыкмасы менен кабыл алуучу AMSBIO лабораториясы күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле аталган лаборатория «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинин мүчөлүгүнө кирди.

"ПЧР-тестти «Манас» аэропортунун 2 кабатынан тапшырууга мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле «Манас» эл аралык аэропорту» эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр «Манас» аэропортунан ПЧР-тест тапшырмак болушса, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экендигин эскертет.

AMSBIO лабораториясынын артыкчылыктары:

• Буга чейин КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда жок заманбап жабдуулар жана реагент колдонулгандыктан, 100 % так жыйынтык берет.

• Заманбап жабдуулардын аркасында ПЦР-тест ыкчам режимде аныкталат: 1,5-2 саат үчүн (3499 сом) 4-5 саат үчүн (2399 сом).

• ПЦР-тестти «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учуу алдында тапшыруу мүмкүндүгү. ПЦР-тесттин жыйынтыгы чет өлкөлөргө чыгуу, анын ичинде Россия Федерациясы үчүн жарактуу, анткени AMSBIO компаниясы КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин аккредитациясынан өткөн.

• ПЦР-тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1 кабатынан 3 тилде чыгарылган ырастама иретинде алууга мүмкүн.

• Корей AMSBIO компаниясы Кыргызстанда лаборатория түйүндөрүн жайылтууну көздөөдө. Бул компаниянын ПЦР лабораториялык изилдөөлөрү акыркы муундун заманбап жабдууларын колдонуу жана импорттук реагенттердин жардамы менен өткөрүлгөндүктөн, COVID-19дун бардык түрлөрүн аныктайт. АКШ, Корея, БАЭ жана башка өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.

Пикир

Оставить комментарий