• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Манас" аэропортундагы коюу тумандан улам 2 каттам токтотулду

Коом 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортундагы тумандан улам эки каттам токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, калың тумандын кесепетинен Баткенге жана Кытайдын Урумчи шаарына бара турган эки рейс токтотулду.

Эске салсак, аэропорттун аймагында эртеден бери калың туман каптап, 4 учак Оштун жана Алматанын запастык аэродромдоруна кондурулган.

Пикир

Оставить комментарий