• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Манас” аэропортунун аймагында калың туман байкалууда

Коом 0

Бишкек, 11.12.18. /Салтанат Абдраева - Кабар/. “Манас” Эл аралык аэропортунун аймагында калың туман байкалууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда көрүү 150 метрди түзүүдө.

“Калың тумандын кесепетинен Казань жана Москва шаарларынан келе жаткан каттамдар Ош эл аралык аэропорттун запастык аэродромуна конушкан”, - деп билдиришти аэропорттон.

Андан тышкары Алмата шаарынын запастык аэродромуна Түркиядан учуп келе жаткан эки учак конгон.

Аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу Бишкек-Москва, Грозный, Стамбул, Баткен, Урумчи каттамдары убактылуу кармалууда.

Пикир

Оставить комментарий