• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Манас” аэропортунун мурдагы башчысы Эмир Чукуев 6-апрелге чейин камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/.“Манас” аэропортунун мурдагы башчысы Эмир Чукуев 6-апрелге чейин камакка алынды. “Манас” аэропортунун мурдагы башчысы Эмир Чукуев 6-апрелге чейин камакка алынды

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын мурдагы башчысы Эмир Чукуев «Gata havayollari ve tasimacilik» түрк компаниясына эл аралык ташууларга мыйзамсыз жеңилдик берген факты боюнча кылмышка шектелип кармалган. Мыйзамсыз аракеттен улам мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирилген.

2021-жылы 8-февралда Бишкек шаардык Ленин райондук сотунун чечими менен Эмир Чукуевге карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 21-мекемесине (Бишкек шаары СИЗО-1) 2021-жылдын 6-апрелине чейин камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Эске сала кетсек, мындан мурда Башкы прокуратура Кыргыз транспорт прокуратурасы менен биргеликте “Манас менеджмент компаниясы” ЖАКтын жоопту кызматкери тарабынан чет элдик компанияга эл аралык каттамдарда жүк ташууга жеңилдик берүү боюнча туруктуу системалык схеманы аныктаган.

Пикир

Оставить комментарий