• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

«Манас» аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунун кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы КРдин Медициналык кызматкерлеринин күнүнүн урматына «Манас» аэропортунун санитардык-карантиндик бөлүмүнүн кызматкерлерин сыйлады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы маалымдайт.

«МЭА» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев ак халатчандарды куттуктап жатып, айрыкча пандемия учурунда бул кесиптин орчундуулугун белгилеп, аларга ыраазычылык билдирип, бардык жакшылыктарды каалоо менен сыйлыктарды тапшырды.

Баалуу белек (саат) ыйгарылды:

Ыбышова Бактыгүл Зарлыковна, «Манас» аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунун башчысы .

«МЭА» ААКнын ардак грамотасы жана корпоративдик белгилери менен сыйланышты:

  • Саттаркулов Динислам Жакупбаевич, «Манас» аэропортунун СКПнын врач эпидемиологу;
  • Сманова Баян Бабанова, «Манас» аэропортунун СКПнын врач эпидемиологу;
  • Касымова Гулайым Шайлоевна, «Манас» аэропортунун СКПнын врач эпидемиологу;
  • Кулукеева Жумакан Зарлыковна, «Манас» аэропортунун СКПнын врач эпидемиологу.

«МЭА» ААКнын ыраазычылык кат жана корпоративдик белгилери менен сыйланышты:

  • Джаркынбаева Назгуль Токтомушевна, «Манас» аэропортунун СКПнын эпидемиологунун жардамчысы;
  • Карыпбаев Бакыт Баатырбекович, «Манас» аэропортунун СКПнын эпидемиологунун жардамчысы;
  • Матураимова Кыймат Матураимовна, «Манас» аэропортунун СКПнын эпидемиологунун жардамчысы;
  • Солтобаева Айгул Канаевна, «Манас» аэропортунун СКПнын эпидемиологунун жардамчысы;
  • Увалиева Рая Бабагумаровна, «Манас» аэропортунун СКПнын дезинфектору;
  • Сулкайдаров Ислам Рыспекович, «Манас» аэропортунун СКПнын дезинфектору.

Пикир

Оставить комментарий