• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Манас" аэропортунун транзиттик жүк ташуу борборунда жарандарды убактылуу кабыл алуучу жай даярдалууда

Коом 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. “Манас" аэропортунун транзиттик жүк ташуу борборунда жарандарды убактылуу кабыл алуучу жай даярдалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жай 700 адамга ылайыкташтырылган.

ӨКМден билдиришкендей, бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров аэропорттун транзиттик жүк ташуучу борборунун аймагында жайгашкан корпустарда жарандарды кабыл алуу жана убактылуу жайгаштыруу үчүн шарттарды жакшыртуу максатында аткарылып жаткан курулуш иштерин жеринен карап чыккан.

"“Манас” эл аралык аэропортунун транзиттик жүк ташуучу (ТЖБ) борборунун аймагында жайгашкан корпустарды жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу максатында өзгөртүп, кайрадан куруу үчүн жатак орундарынын санын көбөйтүү жана ал жерлердеги санитардык, турмуштук шарттарды түзүү, ошондой эле курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык келтирүү боюнча КР Коопсуздук кеңеши жана Республикалык штаб тарабынан КР ӨКМге иш алып баруу тапшырмасы коюлган", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте долбоорду иштеп чыккан.

"Долбоордо ТЖБ аймагында жайгашкан 2 кабаттуу 6 корпустуу имараттын конструкциялык жана жалпы пландык структурасы өзгөртүүсүз калтырылып, кайрадан өзгөртүп куруу каралган. Жыйынтыгында ар бир бөлмөдө санитардык түйүндөр күлтүгү менен (унитаз), жуунгуч, душ кабиналары каралган, 700 адамга (медициналык персонал менен) ылайыкташтырылат. Обсервацияга алынган жарандарыбызга жана ал жерде кызмат кыла тургандарга толук шарттар түзүлмөкчү. Министр курулуш иштеринин аткарылышын жеринен карап чыгып, талаа шартында кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге курулуш иштерине жооптуу башкармалык, департаменттин жетекчилери катышып, жалпы иштин аткарылышы боюнча маалымат беришти", - деп кошумчалашты ӨКМ кызматынан.

Кошумчалай кетсек, курулуш иштерине 250 жумушчу тартылып, күнү-түнү иш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий