• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Манас айылында мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар ишкерлик менен алектенишет

Коом 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. “Манас” социалдык айылында интернатта тарбияланган, мүмкүнчүлүгү чектелген 16 бала тарбияланууда. Алар ар кандай ишке үйрөнүп, ошондой эле, чакан ишкерчилик менен алектенишет.

Эмгек жана социалдык өнүктүү министри Таалайкүл Исакунова Манас айылына барып, андагы тарбиялануучулардан кабар алды. Министр интернаттагы чарба иштери менен жакындан таанышты.

Мекеменин жетекчиси Гүльбарчын Такырбашеванын айтымында, интернатта учурда мурдагы «Үмүт-Надежда» калыбына келтирүүчү балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана Беловодск интернатынын бүтүрүүчүлөрү болуп жалпысынан 16 мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт.

“Бул жерде балдар эмгекке үйрөнүшөт. Маселен, интернаттын тарбиялануучуларынын колунан жаралган эмгектер, тагыраагы кийизден жасалган улуттук буюмдар Германияга жөнөтүлөт. Мындан тышкары, биз суунун тартышытыгына карабай, фермердик чарбаны өздөштүрдүк. Суу түтүгү тээ Совет доорунда курулуп, учурда эскилиги жетип жарактан чыгып калган. Мындан улам, биз эки күндө бир жолу өтө алыс эмес жерде жайгашкан Артезиандан суу ташып, цистернаны толтуруп коебуз”- дейт Г. Такырбашева.

“Манас” социалдык айылы коомдук бирикмеси мамлекеттик социалдык буйрук долбоорунун негизинде ишке ашырылып, ага Эмгек жана социалдык өнүктүү министрлиги тарабынан 1 миллион сом бөлүнгөн.

Маалым болгондой, “Манас” социалдык айылы балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүп, алардын коомдо ыңгайлашуусуна шарт түзүлөт.

Мындан тышкары, мекеме андагы тарбиялануучуларды тамак-аш жана кийиз чеберканасын сырье менен толук кандуу камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий