• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Манас Арабаев УКМКнын Тергөө абагына 1 айга киргизилди

Укук тартиби 0


Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Тергөө абагына 1 айга киргизилди.

Мындай чечим бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.

Арабаев сот залынан чыгып, кабарчыларга кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты. Ошондой эле анын жактоочусу Алия Турумбекова эч кандай комментарий берген жок.

Эскерте кетсек, УКМКнын маалыматы боюнча, Арабаев бир катар коррупциялык кылмыштарга шектелүүдө. Анын ичинде чет элдик инвесторлордун ишкер объектилерин рейдердик жол менен тартып алган бир катар кылмыштуу топтордун кызыкчылыгын коргоп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айтылат.

Пикир

Оставить комментарий